20.09.2018 11:20

Студенттерге мыйзамсыз диплом берген БатМУнун окутуучулары сот жообуна тартылышты

Студенттерге мыйзамсыз диплом берген БатМУнун окутуучулары сот жообуна тартылышты

Баткен мамлекеттик университетинде дипломдорду мыйзамсыз берүүчү коррупциялык схемалар ачыкталды. Бул туурасында УКМКдан билдиришти.

Маалым болгондой, 2017-жылы БатМУнун мурунку ректору Г.М, окуу жайдын А.П., Г.Б., Р.Дж., Н.Х., М.Б., М.М., аттуу кызматкерлери жана Кызыл-Кыя колледжинин директору Т.О., Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» музей-комплексинин директору Э.М., менен бирге жасалма академиялык маалымдама берүү менен өлкөнүн башка жогорку окуу жайларында окуп жүрүшкөн «делген» студенттерди Баткен мамлекеттик университетинин бүтүрүүчү курстарына отургузушкан. Мындай жол менен 56 студент мыйзамсыз түрдө БатМУга киргизилген.

Бул факт боюнча УКМКнын тергөө органдары тарабынан «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Кызматтык будамайлоо» жана «Мамлекеттик документтерди жасалмалоо» беренелери менен кылмыш иши козголду.

Иш Баткен райсотунда каралып, БатМУнун кызматкерлери А.П, М.Б., Н.Х., М.М., М.М. Р.Дж., жана Кызыл-Кыя колледжинин директору Т.О күнөөлүү деп табылып, 5тен 7 жылга чейин шарттуу түрдө кесилишти.

БатМУнун мурунку ректору Г.М., кызматкери Г.Б жана Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» музей-комплексинин директору Э.М. ге карата сот өндүрүшү иштин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу токтотулду.

Сот ошондой эле, 39 студенттин жогорку билим тууралуу дипломун жараксыз деп тапты.