16.10.2018 14:59

Султан Жумагуловдун балдары атасы колдонбой калган дарыларды муктаж адамдарга берет

Султан Жумагуловдун балдары атасы колдонбой калган дарыларды муктаж адамдарга берет

Онкологиялык оору менен жабыркап жүрүп, жакында эле көзү өтүп кеткен маркум Султан Жумагуловдун кызы атасы колдонууга үлгүрбөй калган кымбат баалуу дарыларды муктаж адамдарга берүүнү көздөйт. Бул тууралуу Айдай Султанбек Фейсбуктагы өздүк баракчасына жазып чыкты. 

«Бизде атамдан калган дарылар бар. Кээ бири аябай кымбат. Мисалы, Alecenza препаратынын бир кутусун 1 200 долларга сатып алганбыз. Чындап муктаж болгон адамдар болсо, бекер эле берет элек. Болгону, ал адамдын диагнозун, дарыгерлер эмне дары жазып бергенин кылдат текшеребиз. Өздүгүн тактаган паспортун да көрсөтүш керек. Препараттар кымбат дары сатып алууга мүмкүнчүлүгү жоктордун керегине жарасын деген эле ой. Алардын айрымдары ачык, таблеткалардын, капсулалардын канчасы канчасы калганын такташ керек», -деп айтылат баракчада.
Төмөнкү номер аркылуу байланышууга мүмкүн: 0550506969.