05.07.2018 13:25

Сууга агып бараткан кызды сактап калган милиция капитаны төш белги менен сыйланды

Сууга агып бараткан кызды сактап калган  милиция капитаны төш белги менен сыйланды

Сууга агып бараткан кызды сактап калган Кадамжай РИИБинин кызматкери төш белги менен сыйланды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Буга чейин ЖМКларда Баткен облусунун Кадамжай районунда 1-июль күнү өз өмүрүн кыюуну көздөгөн жаш кызды милиция кызматкери сактап калганы тууралуу маалымат тараган. 

Ал күнү милицияга жаш кыз өз жанын кыюуга камданып жатканы тууралуу билдирүү түшкөн. Кадамжай РИИБинин кызматкерлери бир нече топко бөлүнүп, издөө иштерин башташкан.

Айылдык бөлүмдүн жетекчиси Нурлан Бегалиев биринчилерден болуп каналга агып бараткан кызды байкап, артынан сууга секирип, кызды аман алып калган.

Бүгүн, 5-июль күнү өкмөт башчынын тапшырмасы менен ИИМ башчысы Бегалиевди «ИИМдин мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйлоо буйругун чыгарды.

Милициянын капитаны Нурлан Бегалиев  44 жашта, ички иштер органдарында 15 жылдан бери эмгектенет.