18.07.2018 10:14

Сууга түшүп кеткен баланы издөө үчүн Чоң Чүй каналынын суусу азайтылды

  Мишаны издөө (1 материал)
Сууга түшүп кеткен баланы издөө үчүн Чоң Чүй каналынын суусу азайтылды

Бишкекте 5 күн мурун сууга түшүп кеткен баланы издөө иштери уланууда. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Бүгүн бул максатта Чоң Чүй каналындагы суунун көлөмү азайтылып, эртең мененки 7:00дөн баштап издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин Сокулук райондук №23 АӨКБдан 15, Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 10, Москва райондук №15 ӨКБдан 5, Панфилов райондук №2 ӨКБдан 5, Жайыл райондук №22 АӨКБдан 5, Ысык-Ата райондук №27 АӨКБдан 10, Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 6, Суучулдарды даярдоо борборунан 3 суучул, КДМБнан 11 куткаруучу жалпы 70 куткаруучу тартылган. 

Эскерте кетсек, 6 жаштагы Миша аттуу бала 13-июль күнү Ленская көчөсүндө Чоң Чүй каналына бутун жууйм деп жатып түшүп кеткен. Азырынча издөө иштери натыйжа бербей келет.