19.07.2018 10:17

Сузак районунун Кара-Алма айылында 5 жаштагы кыз жоголду

Сузак районунун Кара-Алма айылында 5 жаштагы кыз жоголду

Сузак районунун Кара-Алма айылында 5 жаштагы кыз жоголду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

2018-жылдын 18-июль күнү саат 12:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда Кара-Алма айыл аймагынын Кара-Алма айылынын эс алуучу жайында эс алып жүргөн 1987 - жылы туулган Ж. А (атасы) аттуу жаран өзүнүн кызы 2013-жылы туулган А. Х. аттуу кызды ойноп жаткан жеринен таппай калган.

Өз алдынча издешип натыйжа болбогондуктан, кечинде КР ӨКМне кайрылышкан. Издөө иштерине саат 20:40 чамасында КР ӨКМнин №58 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, туугандары кошулуп издөө иштерин жүргүзүшкөн.

19-июль күнү саат 06:00дө,издөө иштерине кошумча КР ӨКМнин №59 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 10 куткаруучу, ИИМнен 5 кызматкер тартылып, туугандары кошулуп издөө иштерин жүргүзүп жатышат. Издөө иштерине жалпы 23 адам тартылган.