Сузак районунда жаңы ФАП ачылды

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айыл өкмөтүндө “Фрунзе” аталышындагы жаңы ФАП ачылды. Ачылыш аземине мамлекеттик, райондук администрациянын жана райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун өкүлдөрү, Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн бийлик жетекчилери менен тургундары катышышты, деп билдирет Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы.
Аталган ФАП демөөрчүлөр тарабынан каржыланып, 6 ай ичинде курулуп бүткөрүлгөн. Жалпысынан алганда курулушуна 1.миллион 200 миң сом жумшалган.
Буга чейин аталган айыл өкмөттѳ ФАП катары турак-жайдын бир бөлүгү пайдаланылып келген. Учурда жаңы ФАПта тѳрт медициналык кызматкер эмгектенүүдө.

Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: