04.05.2018 14:31

Сүйөркулов менен Юнусалиевдин кесилишинде унаалар өтмөк сызыгын көзгө илишпейт

Сүйөркулов менен Юнусалиевдин кесилишинде унаалар  өтмөк сызыгын көзгө илишпейт

Орто-Сай базарынын жанындагы Сүйөркулов (мурунку Донецкий) менен Юнусалиев ( мурунку Карл Маркс) көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө жүргүнчүлөр үчүн жасалган өтмөктөн өтүү  ар дайым кооптуулук жаратат. Бул туурасында April.kg порталына күбөлөр билдиришти. 

Бул кесилиште жүргүнчү ташыган маршруттук таксилердин айдоочулары өтмөк сызыгын көзгө илбей, андан өтүп барып токтошот.

Күбө тасмадагы  В 3841 АN мамлекеттик номерлүү маршруттук таксини мисал келтирет. Бул унаа  жөө жүргүнчүлөр өтчү сызыктарды толук жаап токтогон.

Бул учурда маршруттук таксини айланып өткөнү жаткан жаранга ары жактан башка унаанын келе жатканы көрүнбөйт. Бир унаа токтоп турганда чуркап өтөм деп, экинчи тилкеде келе жаткан башка унаа тебелеп кеткен учурлар калаада көп эле катталат. 

Андыктан, бул тасманы биздин тасмага жөнөткөн окурман аталган жол кесилиштеринде жол эрежесин бузгандарга чара көрүүнү өтүнөт.  

Эгер сиз дагы кандайдыр бир окуянын күбөсү болуп калсаңыз, биздин "Элдик кабарчыга" 0505 22 55 22 номерине кыскача текст менен видео, же сүрөт жөнөтсөңүз болот.