19.02.2019 11:50

Түркияда 39 жаштагы кыргызстандык аял киши өлтүрүүгө айыпталып жатат

Түркияда 39 жаштагы кыргызстандык аял киши өлтүрүүгө айыпталып жатат

Түркияда 39 жаштагы кыргызстандык аял киши өлтүрүүгө айыпталып жатат. Манагват шаарынын прокуратурасы аны өмүр бою эркинен ажыратууну талап кылууда. Бул туурасында түрк басылмалары жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, өткөн жылдын 4-июнунда Венера Эшалиеванын Антальянын Серик шаарчасындагы үйүндө 64 жаштагы Четин Ураздын жансыз денеси табылган. Бул кылмыш шардык прокуратура тарабынан оор кылмыш катары бааланып, буга шектүү делип, ошол эле күнү Венера жана анын 74 жаштагы таанышы Мустафа Чукур кармалган.

Кылмышты иликтөө учурунда Венера менен Мустафанын көңүлдөш экени такталган. Мустафа Чукур Венеранын үйүнө байма-бай келип турган. Маркум Четин Ураз үйү жок болгондуктан, жарым жылдан бери Венеранын үйүндө баш калкалап келе жаткан. 

Кырсык болоор күнү үчөө адаттагыдай эле чогуу убакыт өткөрүшкөн. Четин Ураз алкоголь ичимдиктерине жакын болгондуктан, Мустафа ага базардан келе жатып, 2 бөтөлкө арак алып келип берген. 

Ал күн боюнча Венера отурум учурунда төмөнкүлөрдү билдирген: «Мустафа бир жакка чыгып кеткен. Мен магазинге чыгып, жолдон Мустафаны көрүп калып, кайра үйгө чогуу келдик. Дүкөндөн тамак жасаганга азык-түлүк алып келгем. Аларды столдун үстүнө коюп, тамак жасаганга даярданып жаткам. Четин менен Мустафа сүйлөшүп отурушкан. Бир маалда эле Мустафа Четинди бычактап салды. «Эмне кылып жатасың,  азыр полиция чакырам» десем, «менин курал алып жүрүүгө укугум бар, мен эч кимден коркпойм» деди. Четинди карасам, кан агып атыптыр. Жараатын таңып берип, кийим которууну сурандым. Акыбалы начарлап баратканда, ылдыйкы кошунама барып, тез жардам чакырдым. Мен аны сүйчүмүн, менде аны өлтүрүүгө себеп жок болчу. Ал эми, Мустафа болсо, мени Четинден кызганып кетип, бычактап салганын айтты». 

Ал ошондой эле, полиция кызматкерлери алгач үйүнө  келгенде өзүн 1977-жылы туулган Адрина Блиндумун деп тааныштырып, жасалма документ көрсөткөн. Ошондой эле, өзүнүн Кыргызстандын  жана Молдованын жараны экенин билдирген. Мекенинде адвокат болуп иштеп келгенин, акыркы 12 жылдан бери Түркияда жашаарын айткан.  

Ал эми, Мустафа күнөөнү Венерага оодарган. «Венера экөөбүз магазинге барып келдик. Мен столдун маңдайындагы креслого отурдум. Четин менен Венера менин каршымдагы креслодо отурушкан. Венера сыра, Четин арак, мен «Кола» ичип аткам. Бир маалда Венера бычакты алып, Четинди эки жолу төшкө урду. Эмне кылып атасың десем, «креслого сийип салды» деди. Биз ылдый үй башкаруучунун батирине түшүп, тез жардам чакырдык. Мен кетип калдым. Мен буга чейин соттолуп, же жаман ишке аралашкан эмесмин. Бул аял мени уят кылды», - деген Мустафа Чукур.

Ал эми, полиция кылмыш жасоого колдонулган бычактардын таза жуулганын айтып, шектүүлөр айыбын жашырууга аракет кылышкан деп билдирүүдө. Венера бычактарды жууганын мойнуна алган эмес. Бирок, ал өзүн полиция кызматкерлери келгенде башка адам катары тааныштырганы да шек жаратууда. Ал эми, Мустафа Чукурдун үйүн тинтүү учурунда тапанча табылган. 

Прокуратура алардын кылмышты жашырууга аракет кылганын, жасалма документ көрсөткөнүн жана үйүнөн тапанча чыкканын эске алуу менен, соттон эки айыпталуучуга мүр бою абакта калтыруу өкүмүн чыгарууну суроодо.