18.07.2018 11:08
Таалайбек Сарыбашев Ош шаарынын мэри болуп шайланды
Ош шаарында бүгүн, 18-июлда мэрди шайлоо өттү. Анда шаардык кеңештин депутаттары бир добуштан калаа башчылыгына Таалайбек Сарыбашевдун талапкерлигин колдошту.
Ага 44 депутат макул деп добуш берип, бирөө каршы болгон.
Таалайбек Сарыбашев 1971-жылы Алай районунда төрөлгөн. Билими -жогорку. Эмгек жолун 1989-жылы Алай районунун автобазасында темир уста болуп иштөөдөн баштаган.
1989-1991 — Совет армиясынын катарында кызмат өтөгөн.
1991-2008 — сатуучу, базар башчысы, жеке ишканада эсепчи;
2008 — Алай райкеңешинин депутаты;
2012-2015 — Алай райондук администрация башчысы;
2015-жылдын 10-декабрынан баштап — Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалаган.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: