Талас облусунун Ак-Жар айылындагы сел каптоонун себептери аныкталды
Сел өтүүчү сайдан таза суу өткөрүү максатында траншея казып, аны кайра чала жапкандыктан Ак-Жар айылын суу каптаган. Мындай жыйынтыкка жеринде изилдөө иштерин жүргүзгөн Кара-Буура райондук Жарандык коргонуу комиссия мүчөлөрү келишти. Бул туурасында ӨКМден билдиришти.
Аталган айылга "Таза суу” долбоору менен таза суу өткөрүү максатында 3 участоктон сайдын туурасынан траншея казылып өтүлгөн. Ал кийин чала жабылып, бекемделбегендиктен, 2018-жылдын 11-июнунда саат 18:00 чамаларында Кара-Буура районунун Ак-Жар айылында Бабахан сайынан түшкөн сел суулары айылдын 4 көчөсүн жана 15 турак үйдүн короо сарайларын жана участокторун, 1 орто мектептин тегерегин жана 4-5га айдоо аянттарын каптап кеткен.
ӨКМнин Талас облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Мирлан Карабаевдин айтымында, учурда Жарандык Коргонуу комиссиясы күнөөлүүлөрдү тактап, чара көрүү максатында тиешелүү иш-аракеттерди аткарып жатышат. Кошумча маалымат берилет
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: