07.05.2018 10:34

Талас районунда Дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын колдоосу менен жаңы мечит курулду

Талас районунда Дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын колдоосу менен жаңы мечит курулду

Талас районунун Ак-Жар айылында Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар Ассамблеясынын каржылоосу менен "Рийадз Солихиин" ("Момундар бакчасы") аталышындагы мечит ишке берилди. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты. 

Мечиттин 70 пайызын Жаштар Ассамблеясы каржыласа,  30 пайызын жергиликтүү жашоочулар колдоого алышкан. Салтанаттуу ачылыш саамалыгына Талас районунун акими Бакыт Нуржанов, Талас облусунун мусулмандар казысы Таалайбек ажы Бапиев, БДЖА өкүлү Мухаммад Мади, райондун баш имам хатиби Жолдошбек уулу Канатбек, жергиликтүү бийлик жетекчилери жана  айыл тургундары катышышты.

Иш-чара алкагында облус казысы Таалайбек ажы Бапиев Ак-Жар айылынын тургундарын жаңы мечиттин ачылуу аземи менен куттуктап, элди ынтымакка жана биримдикке чакырды.