Таласта 51 адам обсервацияга жаткырылды. Бары тең Россиянын Соль-Илецк шаарынан келгендер
18-майда Россиянын Соль-Илецк шаарынан келгендерден 51 адам Талас облусуна келери менен Талды-Булак постунан обсервацияга алынды. Бул тууралуу коронавируска каршы туруу боюнча республикалык штаб кабарлады.
Маалыматка караганда, алардын ар биринен буга чейин 2 жолу ПЧР-анализ алынып, “таза” деген жыйынтык чыккан. Бирок коопсуздук үчүн келген 51 адам Кара-Буура жана Бакай-Ата райондорунда уюштурулган обсервацияларга жайгаштырылган. Алардан кошумча ПЧР-анализдер алынып обцервацияга дагы 5 күн жаткырылат.
“Ал эми социалдык түйүндөрдөгү “бийлик өкүлдөрү обцервацияга алынгандарды уруп-сабады” деген маалымат чындыкка дал келбейт. Тескерисинче, сырттан келген адамдар жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө баш ийбей бир топ кыйынчылыктарды жараткан. Түшүндүрүү иштеринен кийин 51 адам жергиликтүү бийликтин талаптарына макул болду”, - деп айтылат маалыматта.
Жалпысынан республика боюнча коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 1243 кишиге жетти. Ичинен 898 бейтап ооруканадан чыгарылган.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: