24.05.2018 12:58

Талас-Тараз-Суусамыр жолун кургандар иш ташташты

Талас – Тараз - Суусамыр жолун куруу долбоорунун 3-фазасын ишке ашырып жаткан жумушчулар 24-майда нааразычылык акциясына чыгышты. Буга - 4 айдан бери айлык акы төлөнбөй жатканы себеп болгон. 

Жолду оңдоп жаткан «Кыргыз жол курулуш» ЖЧКсынын жетекчисинин орун басары Болотбек Сейдакматовдун  айтымында, иш таштоо бир  жумадан бери уланып жатат.  Каршылык иретинде жумуш таштаган 50гө чукул адам жөө адамдар үчүн  жол салып жатышкан. 

Талас – Тараз - Суусамыр унаа жолунун 3-фазасы 2017-жылы август айынын аягында бүтүшү керек болчу. Бирок, ар кандай себептер менен жолду ишке киргизүү 2018-жылдын июнь айына жылдырылган. 

Былтыр сентябрда да дал ушундай көрүнүш болгон. Анда унаа жолдун 87-чакырымында иштеп жаткан жумушчулар маянасы кечиктирилгенге байланыштуу иш ташташкан.