06.06.2018 17:13

Тараз-Талас-Суусамыр жолунун курулушу качан бүтөт?

"Бир айдан кийин",  "жыл аягында", "жок, эмки жайда" – дал ушундай шылтоолор менен Тараз-Талас-Суусамыр жолу 3 жылдан бери салынып бүтпөй келет. Болбосо 30 чакырым жолго гана асфальт төшөп коюу керек эле. Курулушта иштеп жаткан жумушчулар да нааразы. Беш айдан бери алар маянабызды көрө элекпиз деп даттанышууда. Транспорт жана жолдор министрлиги ката бизден кеткен жок, акчаны долбоор аткаруучусуна которуп бергенбиз дейт. Долбоордун аксап жатканына эмне себеп?