09.05.2018 12:02

Тарых барактары: Жеңиш күнүн жакындаткан кыргызстандыктар

Тарых барактары: Жеңиш күнүн жакындаткан кыргызстандыктар

1941-1945-жылдардагы Экинчи дүйнөлүк согушта немистик фашисттерге каршы күрөшкө 365 миң кыргызстандык жөнөтүлгөн. Алардын катарында 4-5 баланын атасы болуп калгандар, кечээ гана перзенттүү болуп, бала жытына тоё электер, же жаңы гана үйлөнүп, таттуу махабатка балкып тургандар да бар эле.

Ырайымсыз согуш баланы атадан, энени баладан, жубайды жолдошунан ажыратты. Мурда-кийин мындай согушту башынан кечирбеген жай жарандар  аларды алдыда эмне күтүп турганын билишкен жок, бирок, баарынын көкүрөгүндө "Мекенди душмандарга алдырбайбыз!" деген сезим от  болуп күйүп турду. 

Кандуу согуш 152 миңден ашык кыргызстандыктын өмүрүн алды. Алардын бири тээ Ленинграддын алдында курман болсо, бири Берлинге жакындап барып, ок жеди. Кандай болгон күндө да, алар кайтып Мекенин көргөн жок. Бирок, алардын ар бири өз өмүрүн курмандыкка чалуу менен Улуу Жеңишти бир кадамга болсо да жакындатышты.

Кыргызстандыктардын согушта кошкон салымы тарыхта унутулгус болуп жазылып калды. 150 миңдей кыргыз жоокери ордендер жана медалдар менен сыйланды.  21 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болду.