02.07.2019 15:22

Тарых музейи боюнча ишти кароодо сотко ишенбөөчүлүк көрсөтүлдү

Тарых музейи боюнча ишти кароодо сотко ишенбөөчүлүк көрсөтүлдү

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Тарых музейи жана Чолпон-Атадагы ат майдан боюнча ачылган кылмыш ишин кароо башталды. 

Айыпталуучу катары президент аппаратынын  Жарандык өнүгүү, диний жана этникалык саясат бөлүмүнүн мурунку башчысы Мира Карыбаева менен мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков сурак берүүдө. 

Соттук отурумдун жүрүшүндө Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов судья Айбек Эрнис уулунун ишти карашына каршы чыкты. Юрист муну мурда ушул судья Өмүрбек Текебаевди күнөөлөгөн чечим чыгарганы менен түшүндүрдү. 

«Иште каржылык же материалдык табуунун, мыйзамсыз баюунун далилдери жок. Бул сот Өмүрбек Текебаевдин ишин карап жатканда да күбөлөрдүн гана көрсөтмөлөрүнө таянып, чечим чыгарып койгон», — деди Нурбек Токтакунов.

Сапар Исаков өзүнүн жактоочусун колдоду. «Мен сизди калыс сот деп уккам. Бирок, биз баарыбыз билген факт бар. Бул иш саясий мүнөзгө ээ», — деди Сапар Исаков.

Кеңешүүчү бөлмөгө чыгып келген судья бул өтүнүчтү четке какты.