16.07.2018 13:43

Тарых музейин жаңылоодо максатсыз коротулган 118 миллион сом боюнча кылмыш иши козголду

  Тарых музейин жаңылоо (1 материал)
Тарых музейин жаңылоодо максатсыз коротулган 118 миллион сом боюнча кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура Тарых музейин жаңылоо жана жабдыктарды сатып алууга бөлүнгөн каражатты максатсыз пайдалануу фактысы менен кылмыш ишин козгоду. Бул туурасында аталган органдын маалымат кызматынан кабарлашты. 

Башкы прокуратура Турак жай-жарандык курулуш департаменти конкурс өткөрбөй туруп, музейде жаңылоо иштерин жүргүзүүчү компания менен келишим түзгөнүн аныктаган.  «СМУ-3» ЖЧКсы ремонт иштери үчүн  690 млн. 500 миң сом жана Музейге жабдыктарды алуу үчүн кошумча 869 млн. 447 миң 114 сом сураган. Көрсөтүлгөн суммадан 1 млрд. 520 млн. 309 миң 404 сом «СМУ-3» ишканасынын эсебине которулган. Ишкана жалданма уюм болуп туруп, Турак жай-жарандык курулуш департаменти менен  музейге жабдыктарды ташып келүү тууралуу келишими жок эле, жабдыктарды сатып алууга акча каражатын бөлүү тууралуу чечимдин чыгышын күтпөй, «Райер» немецтик компаниясы менен 8 млн. 890 миң 321 еврого жабдыктарды ташып келүүгө келишим түзгөн.

Немец компаниясы алынып келүүчү жабдыктардын тизмесин өзү түзгөнү айтылат. Анын жыйынтыгында 55 млн. 593 миң 772 сомго музейдин концепциясында каралбаган экспонаттар алынып келинген. 23 млн. 823 миң 644 сомго жабдыктары алынган кафетерий учурда экспонаттар менен бир жерде жайгашканы жана иш жүзүндө колдонулбай турганы айтылат. 

Андан сырткары, өлкө аймагында бар айрым материалдар Германиядан кымбат баада алынып келинген. Аларды ташып келүүгө, бажы жана салык төлөмдөрүн төлөөгө да каражат кеткен. «СМУ-3» ЖЧКсы немец компаниясы менен келишимди мыйзамсыз түрдө чет элдик валютада түзгөндүктөн, евронун наркы жогорулаганда ортодо  42 млн. 311 миң 428 сом айырма чыккан. 

Эсеп палатасынын актысына байланыштуу «СМУ-3» ишканасы ремонт иштерин аткарууда иштин көлөмүн  20 млн. 310 миң сомго жогорулатып койгон.  

Ошону менен Турак жай-жарандык курулуш департаментинин кызматтык адамдары менен «СМУ-3» ишканасынын мыйзамсыз иштеринин артынан мамлекеттин 118 млн. 215 миң 200 сом каражаты максатсыз коротулуп, аны менен мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирген.

189-берене («Аукцион, тендер же ачык сатып алууларды жүргүзүүнүн тартибин бузуу», 304 «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу»), 306-берене («Мамлекеттин кызыкчылыгына туура келбеген мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү, контракт түзүү»), 308-берене  («Бюджет каражатын мыйзамсыз колдонуу») жана 221-берене («Коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы») менен козголгон кылмыш иш андан аркы териштирүүгө жөнөтүлдү.