25.05.2018 10:25

Тарых музейинин алдындагы оргуманы курчап турган плиткалар эптеп эле жабыштырылган

Тарых музейинин алдындагы оргуманы курчап турган плиткалар эптеп эле жабыштырылган

Тарых музейинин алдындагы оргуманы курчап турган плиткалар араң илинип турат. Бул туурасында April.kg кабарчысы билдирди.

Айтымында, оргумаларды айланта төшөлгөн плиталардын сапатсыз жабыштырылганын байкоо үчүн бул жаатта адис болуунун кереги жок. «Бул плиталар кол тийсе эле түшүп кетчүдөй араң илинип турат.  Эмитен эле четтеринен ажырап баштаптыр. Оргуманын ичиндеги жарык кое турган шаймандардын ичине да суу кирип кетиптир. Мындан улам, кандай лампочка койсоң да, ичи нымдашып тургандыктан күйүп кете берет. Иш канчалык деңгээлде сапатсыз аткарылганын көрүү үчүн адис болуунун кереги жок», -дейт кабарчы.

Бул суроо менен Мамлекеттик тарых музейинин жетекчиси Кеңешбек Алмакүчүковго кайрылганда, ал эгер кандайдыр-бир иш сапатсыз жасалган болсо, куруучу фирмалар аны кайра өз эсебинен оңдоп бере турганын билдирди.