10.04.2018 15:43

Таш-Дөбө айылында 2 660 гектарды ээлеген токой паркы пайда болот

Таш-Дөбө айылында 2 660 гектарды ээлеген  токой паркы пайда болот

Бүгүн шаардык мэрияда  «Бишкек токой паркы» долбоору талкууланды. Ага Өкмөт аппаратынан, ӨКМден, Бишкек шаардык кеңештен кишилер чакырылган. Ошондой эле, Илимдер академиясынын президенти Мурат Жумантаев, Аламудүн районунун акими Касымбек Чудуров, “Инициатива Арча” коомдук фондунун Байкоочу кеңешинин төрагасы, профессор Эмил Шүкүров катышты.  

Долбоор шаардык мэрия тараптан иштелип чыккан.  Ага ылайык,  Бишкектин туштүк бөлүгүндө, Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө айыл аймагынын (мурунку Воронцовка)  тоо  этегинде 2 660 гектар жерге  «Шаар токой паркы» түзүлөт.

Токойдо  кызыктуу ландшафттык  экспозиция, жер кыртышын бекемдей турган жаңгак багы, жөкө дарактар, кызыл карагай, кайың, арча отургузулмакчы. Жашыл көчөттөрдү сугаруу жагы да каралган.

Профессор Эмил  Шүкүровдун айтымында, шаардык токой паркын түзүү демилгеси 80-жылдары эле көтөрүлүп, бул максатта аталган аймак бөлүнүп берилген. 90-жылдары долбоор  толугу менен иштелип чыгып, бирок каражаттын жетишсиздигинен ишке ашпай калган.  Эмил  Шүкүров  ошондой эле, токойдун негизги милдети шаардыктар үчүн эс алуу жайы катары кызмат кылуу эмес, шаардын климаттык абалын жакшыртуу экенин билдирди.