23.03.2018 12:09

«Ташкент-Балыкчы-Ташкент» темир жол каттамы ачылды

«Ташкент-Балыкчы-Ташкент» темир жол каттамы ачылды

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы менен «Узбекистон темир йуллари» АКсы Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин көмөгү менен  «Ташкент-Бишкек-Балыкчы-Бишкек-Ташкент»  темир жол каттамын жандантышты.   

22-мартта Ташкенттин темир жол вокзалында өзбек тарап поездди салтанаттуу түрдө узатышты. Иш-чарага элчиликтин өкүлдөрү катышты.   

Поезд Бишкекке  23-мартта Бишкек убактысы боюнча  19.03тө келет,  ушул эле күнү саат  23:30да Балыкчыда болот. Поезддин кайра артка кайтуусу 24-мартка пландалган.  

Поезд  жумасына бир ирет жүрүп турат. Ташкент шаарынан бейшемби күндөрү чыгып, Балыкчыга жума күнү жетет. Балыкчыдан ишемби күнү жолго чыгып, жекшемби күнү Ташкентте болот.  

Билет наркы: 

плацкарта - 2 500 сом;

купе - 3 378 сом,

вагон люкс - 6 432 сом.