19.07.2018 09:23

Ташкенттин Ысык-Көлгө келе турган аба каттамдар токтотулду

Ташкенттин Ысык-Көлгө келе турган аба каттамдар токтотулду

Өзбекстандын Ташкент шаарынан Ысык-Көлдөгү "Тамчы" аба бекетине багытталган аба каттамы токтоп калды. Мындай маалыматты “Манас”  эл аралык аэропортунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул каттамды өзбекстандык аба компаниялары жүргүзүп келген. Бирок акыркы учурда алар учуу боюнча аэропортко маалымат бере элек.

Ошол эле кезде айрым маалымат каражаттарынын “Өзбекстан аба жолдору” компаниясына шилтеме берип жазганына караганда, жүргүнчү аз болуп, каттам өзүн актабагандыктан токтотулган.

Ташкент-Тамчы аба каттамы 2017-жылы июлда ачылган. Бул Ысык-Көлдө эс алган өзбекстандык туристтердин көбөйүшүн шарттай турганы күтүлгөн.