19.07.2018 16:47

Таза сууга жетпей чүнчүгөн Беш-Күнгөй айылынын тургундары

Бишкектен алыс эмес жайгашкан тургундар таза сууга жетпей убара. Чүй облусунун Беш-Күңгөй айылында ондогон үй-бүлөлөр бир нече күндөн бери ичээр суусу жок отурушат. Арасында кары-картаңдар, оорукчандар жана майда балдар арбын. Жайдын ысык аптабында муздак суу эмнеге буулуп жатканын айыл-өкүлчүлүгү тыңгылыктуу түшүндүрүп бере алган жок. Биздин кабарчылар көйгөйдү жеринен көрүп келишти.