12.07.2018 16:00

«Тазалык» ишканасы алардын жумушчусун сабагандарды кечирүүнү чечти

«Тазалык» ишканасы алардын жумушчусун сабагандарды кечирүүнү чечти

«Тазалык» ишканасы алардын жумушчусун сабаган шаар тургундары менен жарашат. Бул тууралуу  April.kg порталына ишкананын маалымат катчысы Жибек Каракеева билдирди.

Анын айтымында, жабырлануучу учурда ооруканада, абалы-канааттандыраарлык. Жумушчунун дарылануусуна кетчү чыгымдарды «Тазалык» өзүнө алды. «Жумушчу алган жаракаттар өндүрүштүк катары бааланышы мүмкүн. Аны тергөө тактайт», - деди Жибек Каракеева.

Ал ошондой эле, ишкана жүк ташуучуну сабаган балдар менен сүйлөшүп, бир кепке келип жатканын билдирди. «Азырынча арызды кайтарып ала элекпиз, бирок жарашуу болот окшойт», - деп кошумчалады маалымат катчы. 

Эскерте кетсек, 11-июль күнү «Тазалык» ишканасынын жумушчусун Лущихин көчөсүнөн 4 бала сабап кеткен.