29.03.2020 15:52

"Тазалык" ишканасы борбор калаадагы мечиттерди дезинфекциялоого киришти

"Тазалык" ишканасы борбор калаадагы мечиттерди дезинфекциялоого киришти

“Тазалык” муниципалдык ишканасы Бишкек шаарындагы мечиттерди жууп-тазалаганга киришти. Бул тууралуу аталган ишкананын басма-сөз катчысы Жибек Каракеева кабарлап, тиешелүү фото, видеолорун жүктөдү.

Маалыматка караганда, дезинфекциялоо жана тазалоо иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө.

 «Өзүңөрдү жакшы карагыла! Суранаарым үйдөн чыкпагыла», - дейт “Тазалык” муниципалдык ишканасынын басма-сөз катчысы Жибек Каракеева.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө карата коронавирусту жаңы жуктуруп алган 26 учур катталды. Алар:

  • Чүй облусунда – 2 учур
  • Бишкек шаарында -4 учур
  • Нарын шаарында – 1 учур
  • Ош облусунда – 6 учур
  • Жалал-Абад шаарында – 13 учур.

Жалпысынан илдетти жугузгандардын саны 84кө жетти.

Эске салсак, 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда кечки 8ден таңкы 7ге чейин коменданттык саат күчүндө болот.