10.05.2018 11:37

"Тазалык" майрамдан кийин шаар көчөлөрүнөн 10 тонна таштанды чыгарды

"Тазалык" майрамдан кийин шаар көчөлөрүнөн 10 тонна таштанды чыгарды

Жеңиш күнүн майрамдоодон кийин "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери 10 тонна таштанды чыгарышты. Бул туурасында April.kg порталына аталган ишканадан билдиришти.  

Таштанды чыгарууга 11 атайын техника тартылган. Алардын 9у таштандыны жыйноочу унаалар, экөөсү көчө жуучу машиналар. Ала-Тоо жана Жеңиш аянттарында 112 жүк ташуучу жана көчө тазалоочу жумушчулар үзгүлтүксүз нөөмөттө турушту. Алар сутка бою таштанды чогултуу менен алек болушкан.

Ыңгайлуулук үчүн аянттарда желим челектер орнотулган. Майрамдык иш-чаралар бүтөөр менен Тазалыктын жумушчулары чатырларды, сахна жана желек конструкцияларды жыйнашты. 

Ошондой эле, таң аткандан баштап, түнкү саат 02:00ге дейре күчөтүлгөн тартипте борбордун Улуу Жеңиш күнүнө карата майрамдык иш-чаралар өткөн көчөлөрү тазаланды.