16.08.2018 16:36

«Тазалыктын» кызматкерлери мурунку жетекчиси Сарпашевдин үстүнөн президентке арызданышты

«Тазалыктын»  кызматкерлери мурунку жетекчиси Сарпашевдин үстүнөн президентке арызданышты

Бишкектеги «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жаңы дайындалган вице-мэр Рыспек Сарпашевге нааразычылыгын билдирип, президент Сооронбай Жээнбековго ачык кат жолдошту.

Он бир жумушчу кол койгон кайрылуунун текстин 24.kg жарыялады. Анда, Рыспек Сарпашев «Тазалык»  ишканасын жетектеп турган кезде мыйзамсыз иш аракеттерге, одоно мамилеге жана жаман сөздөр менен сөгүүсүнө дуушар болуп келишкени жазылат.  

Ишкананын кызматкерлери ошондой эле, «Тазалыкта» жемкорлук схемалары гүлдөп-өнүгүп жатканын, акыркы 5 жыл ичинде 13-маянаны ала албай келишерин айтып даттанышкан.