18.09.2018 09:20

«Тазалыктын» оор илдетке чалдыккан кызматкерине түрк элчилиги жардам көрсөттү

«Тазалыктын» оор илдетке чалдыккан кызматкерине түрк элчилиги жардам көрсөттү

«Тазалык» ишканасынын альвеококкоз илдетине чалдыккан жумушчусу Жеңиш Касымов операция жасатуу үчүн түндө Түркияга учуп кетти. Бул туурасында аталган ишканадан билдиришти.

Акчалай жардамга муктаж болуп турган Жеӊиш Касымов  тууралуу «Апрель» телеканалы ушул жылдын башында материал даярдаган эле. Анда 30 жаштагы Жеңиштин өмүрүн сактап калуу үчүн тез арада боорун алмаштыруучу операция жасалышы зарыл экени маалымдалган. Кымбат баалуу операцияга ишкананын таштанды чыгарып иштеген жумушчусунун каражаты жетпегендиктен, телеканал аркылуу кайрымдуу мекендештерден жардам сурап кайрылган болчу. 

Эми Түрк элчилиги Жеңиштин операцияга кеткен чыгымын көтөрүп бермей болду. Мындан улам, 17-сентябрдан 18-сентябрга караган түнү ал Түркияга учуп кетти.  

«Бардык шаар тургундарына, шаардык кызматтарга, Бишкек шаарынын мэриясына, мекендештерге ырахмат. Ким четте калбай жардам берген болсо, аларга да рахмат. Сиздердин жардамыңыздар менен чогулган 16 миң доллар операциядан кийин калыбына келтирүүгө, дары-дармекке кетет. Калганын Жеңиш кайрымдуулук иштерине жумшоого которот», -деп жазат ишкананын маалымат кызматы.