Тажик тарап чек арачыларынын Кыргызстан аймагына киргенин четке какты
Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматы 12-майда тажик чек арачылары Кыргызстандын аймагына өткөндүгү тууралуу кыргыз тараптын маалыматын четке какты. Мекеме окуя кыргыз-тажик чек арасындагы тактала элек тилкеде болгонун билдирди.
12-майда кыргыз ММКлары Мамлекеттик чек ара кызматынын билдирүүсүнө таянып, автоунаа минген тажикстандык төрт аскер Кыргызстандын Лейлек районундагы аймагына 50 метрдей кирип келип, тургундардын документтерин текшере баштаганын кабарлашкан.
Мекемеден окуя болгон жерге Кыргызстандын аскер жана күч органдарынын кызматкерлери барып, жаңжалды басышканын кошумчалашкан.
Бирок Тажикстандын Чек ара башкармалыгынын басма сөз катчысы Мухаммаджон Улугхожаев кыргыз тараптын маалыматтары чындыкка дал келбей турганын билдирди. «Биздин чек арачылар чектеш аймакка кирип кеткен деген маалымат жалган, алар чек аранын талаштуу тилкесинде болушкан», - деди ал.
Ал ошондой эле чек арадагы окуяга байланыштуу тажик тарап кечирим сурагандыгы тууралуу Кыргызстан Чек ара кызматынын билдирүүсүн дагы четке какты.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: