Тажик тарап снайперлер менен аткылап жатышат
Тажик тарап снайперден ок чыгарып жатышат. Баткен облусунун чек ара аймактарында абал курч бойдон калууда. Бул тууралуу бүгүн Көк-таш айылынын тургуну, айылдык кеңештин депутаты Жоробай Осмонов билдирди.
«Биз Көк-Таш айылына барып, келишим болгонун айттык. Кийин тажик тарап жолго шагыл төгүп, Төрт-Көчөнү жаап алышты салышты. Бийлик өкүлдөрү көзүңөрдү ачкыла! Биздин келишимге көнгөн бийликтегилер тажиктерге алданбагыла. Биздин элди курчап алса деле эч нерсе кылбай отура бересиңерби? Мен өзүм кече Көк-Ташта согушта болдум. Менин көзүмчө биздин танкты гранатомет менен уруп атса, биздин офицер буйрук бербей койду, биздин танкисттер ыйлап жатышат: «Бизде буйрук жок, ата албайбыз деп».
Чыр-Дөбөгө аскерлерди коштоп бардым. Биздин аскерлерге «Отмена» деген буйрук берип чакыртып алышты. Биз кетерибиз менен тажик тарап снайперлер менен аткылап кууп салышты –дейт Осмонов.
Эске салсак, 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында жүз берген жаңжалдан Кыргызстандан 33 адам каза таап, 163 адам жарат алды.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: