08.05.2018 14:36

Тажик жараны кыргыз-өзбек чек арасынан башка паспорт менен өтүүгө аракет кылган

Тажик жараны кыргыз-өзбек  чек арасынан башка паспорт менен өтүүгө аракет кылган

2018-жылдын 8-майында КР МКЧнын Баткен облусу боюнча башкармалыгына караштуу «Ак-Кыя-автожол» көзөмөл өткөрүү жайынын чек арачылары кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынан Өзбекстандын паспорту менен өтүүгө аракет кылган Тажикистандын  жаранын кармашты. 

Паспорттук текшерүү маалында чек арачылар өтүп жаткан адамдын келбети паспорттогу сүрөткө окшошпогондугун байкашкан. Алдын-ала сурамжылоодо кармалган кыз 1990-ж.т., Г.Ф., аттуу Тажикстандын жараны экендиги белгилүү болуп, айтканына караганда, “Шахимардан” анклавынан (ӨР) чыгуу үчүн өзбек тууганынын паспортун колдонгон. Жанындагы кол сумкасын кароо учурунда кыздын өзүнүн  паспорту табылган. 

Тиешелүү документтер толтурулган соң тажик жараны УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.