19.11.2018 23:16

«Текебаев боюнча, мен, балким, мыйзамга көз жумуп, күч кызматкерлеринен аны камабай эле коюусун талап кылсам болмок», - А. Атамбаев Ө.Текебаевдин иши тууралуу

«Текебаев боюнча, мен, балким, мыйзамга көз жумуп, күч кызматкерлеринен аны камабай эле коюусун талап кылсам болмок», - А. Атамбаев Ө.Текебаевдин иши тууралуу

“Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев тууралуу пикирим, ал камакка алынгандан кийин өзгөрдү",-  деди экс-президент Алмазбек Атамбаев, «Апрель» телеканалына берген интервьюсунда.

«Текебаев боюнча мен, балким, мыйзамга көз жумуп койсом болмок. Мыйзам боюнча бардыгы далилденген болчу. Текебаевдин тарапташтарынын өзүлөрү деле ал миллион тууралуу айтышты... Бирок, менин ишим ушундай болчу – мен күч түзүмдөрүнө ар дайым айтып келгем: «мыйзамга ылайык иш кылгыла...» деп. Балким... Бирок... Менин тарбиям ушундай... Адамдар кылган ишине жооп бериши керек», - деди А. Атамбаев.

Эскерте кетсек, “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен КР Түштүк Кореядагы мурунку элчиси Дуйшөнкул Чотонов, 2010-жылы, “Мегаком” компаниясынын акцияларын сатып алууга көмөк көрсөтүү максатында, Орусия Федерациясынын жараны Леонид Маевскийден бир миллион доллар пара алган деп шектелип, 2017-жылдын февралында камакка алынган. 

КР Жогорку Соту 2017-жылдын 21-ноябрында, Биринчи май райондук сотунун жана Бишкек шаардык сотунун эки саясатчы тууралуу, мүлкүн тартып алуу менен 8 жылга  күчөтүлгөн колонияга кесүү чечимдерин күчүндө калтырган. Соттолгондор күнөөсүн моюндабай, кылмыш ишин саясий куугунтук деп атап келишет.

Өмүрбек Текебаев коррупция беренеси боюнча айыпталып, 8 жылга кесилген. Ал, кылмышын №47 түзөтүүчү колонияда өтөп жатат.