11.05.2018 19:34

Кармоо мөөнөтү соңуна чыкканына байланыштуу Темирлан Ормуков абактан бошотулду

Кармоо мөөнөтү соңуна чыкканына байланыштуу Темирлан Ормуков абактан бошотулду

Акын Темирлан Ормуков камактан бошотулду. Бул туурасында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан April.kg порталына билдиришти.

Бул маалыматты акын өзү да адвокаты Назира Абдумуминованын Фейсбук баракчасына жайгаштырган тасмада тастыктады.  

"Коомчулуктун жана жактоочуларымдын колдоосу менен бүгүн камактан чыктым. Дүйшөмбү күнү сот болуп, баш коргоо чарамды аныктайт. Бирок, анын канчалык  кажети бар экенин билбейм", -деп билдирет Ормуков.

Анын айтымында, абакта 14 күн ашык отурган. 

"Мен 29-апрелде эле бошотулушум керек болчу. Бирок, ашыкча отуруп койдум. Буга жооптуу  адамдар менен  сүйлөшүүлөр болот", -дейт акын.