08.10.2018 16:58

ТИМ АКШда жол кырсыгына кабылган кыргызстандыктын жарандыгын текшерип жатат

ТИМ АКШда жол кырсыгына кабылган кыргызстандыктын жарандыгын текшерип жатат

АКШнын Миссури штатына караштуу Канзас-Сити шаарында жол кырсыгына кабылган Алмаз Муминовдун жарандыгы такталып жатат. Бул туурасында ТИМ Кыргызстандын АКШ жана Канададагы Элчилигине таянып билдирди.

Маалыматка караганда, элчилик 4-октябрда болуп өткөн жол кырсыгынын себептерин териштирүүдө. Ошондой эле, жабырлануучунун кайсы өлкөнүн жараны экени такталып жатат.

Андан сырткары, Элчилик кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен Муминовго жардам көрсөтүү суроолору боюнча тыгыз байланышта болууда.

Эскерте кетсек, буга чейин АКШда кыргызстандык үй-бүлө  жол кырсыгына кабылганы тууралуу маалымат тараган. Алгач 42 жаштагы үй-бүлө ээси Алмаз Муминов АКШнын Миссури штатында жол кырсыгына кабылып, оор абалда ооруканага жаткырылса, анын Чикагодо жүргөн аялы бул кабарды угуп, күйөөсүн көздөй шашып келатып, Колумбия шаарында жол кырсыгына туш болуп, шаардагы ооруканага жеткирилгени айтылган.

Муминовдун операциясына 50 миң доллар керектелип, жакындары кайрымдуу адамдардан жардам сурап кайрылышкан.