28.03.2018 11:10

Тынбай жааган жаандан улам өлкөнүн айрым аймактарында суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн

2018-жылдын 28-мартында күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында суунун денгээли кескин көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет. 

Буга байланыштуу жергиликтүү тургундарды, мекемелерди, ишканаларды жана уюмдарды ишке тартуу менен   арыктарды жана дренаждык тармакты тазалоо иштерин жүргүзүү зарыл.