28.03.2018 11:52
Тышкы иштер министри Ооган боюнча эл аралык конференцияга катышты
28-мартта Тышкы иштер министри Э.Абдылдаев Пакистан Ислам Республикасынын Тышкы иштер министри Хаваджа Мухаммад Асиф менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.
Эки тараптын кездешүүсү Ташкент шаарында өткөн «Тынчтык иш-аракеттери, коопсуздук жана аймак аралык аракеттешүү» аталышындагы Ооганстан боюнча Эл аралык конференциянын алкагында өттү.
Анда тараптар эки мамлекет ортосундагы мамиленин деңгээлине канааттанууну билдирип, андан ары өнүктүрүүнүн зарылчылыгын баса көрсөтүштү.
Ошондой эле, аймактык коопсуздук маселеси талкууланып, өз ара кызыкчылык жараткан актуалдуу эл аралык маселелер боюнча пикир алмашышты.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: