12.09.2018 08:30

Тышкы иштер министрлиги түрк элчисин туура маалымат таратууга чакырды

Тышкы иштер министрлиги түрк элчисин туура маалымат таратууга чакырды

Түркиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камиль Фырат Кыргыз ТИМине чакырылды. Бул тууралуу  министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. 

Жолугушуу кечээ, 11-сентябрда өтүп, анын алкагында Түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын расмий сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелери талкууланды. Ошондой эле, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы Стратегиялык өнөктөштүктүн жогорку кеңешинин 4-отурумунун жыйынтыктары тууралуу сөз болду.  

Кыргыз тарап элчини коомчулукка туура маалымат таратууга үндөдү. 

Эске сала кетсек, буга чейин түрк элчиси маалымат жыйын өткөрүп, анда: «Мурунку «Себат» билим берүү мекемелери түрк салык төлөөчүлөрүнүн акча каражаттарына салынган. Мындан улам, биз аны мамлекеттин, «Маариф» фондунун балансына өткөрүүнү туура көрүүдөбүз», -деп билдирген.