19.07.2018 18:06

Тогуз коргоол боюнча Монголияда өтчү мелдешке жол кире таппай жаткан окуучуга эл өкүлү көмөк көрсөттү

Тогуз коргоол боюнча Монголияда өтчү мелдешке жол кире таппай жаткан окуучуга эл өкүлү көмөк көрсөттү

Сокулук районундагы Саз айылынын тургуну Сатарова Акжолтойго Жогорку Кеңештин Төрагасынын фондунан 70 миң сом жардам катары тапшырылды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан билдиришти.

Мындан 1,5 ай мурун болгон өрт учурунда байбиче бала-бакырасы менен терезеден качып чыкканга араң үлгүргөн. Үйүнөн, оокатынан эч нерсе калган эмес. Айылдык кеңештин депутаттары, айыл тургундары колунан келген жардамдарын берип, өрттөн зыян тарткан үйдү калыбына келтирүү аракеттери жүрүп жаткан.

Кырсыкка кабылган үй-бүлөнүн акыбалы менен жеринде таанышкан депутат Элвира Сурабалдиева төрага фондусунан 70 миң сомду жардам катары тапшырды. 

«Ушул эле күнү эл депутаты Асылбаш айылында да болуп, айыл тургундары менен жолугушту. Монголияда өтө турган тогуз коргоол боюнча эл аралык мелдешке катышууга жолдомо алып, бирок барганга каражаты жетпей жаткан айылдык мектептин окуучусу Миран Смановго эл өкүлү өз чөнтөгүнөн 40 миң сом жардам көрсөттү», -деп жазылат маалыматта.