11.04.2018 16:24

Тогуз-Торо районунун акими кызматынан кол жууйт

Тогуз-Торо  районунун акими кызматтан алынат. Бул тууралуу премьер-министр Сапар Исаков КСДП фракциясынын отурумунда билдирди. 

Парламенттик фракцияда Жалал-Абад облусунда болуп жаткан башаламандыктар  тууралуу сөз козголуп, өкмөт башчы  маселени мыйзам чегинде чече турганын белгиледи.

Депутат Кожобек Рыспаев  башаламандык уюштургандардын башында Тогуз-Торонун акими жүргөнүн айтып,  мындай көрүнүштөр инвесторлорду качыра турганын кошумчалады.

Премьер-министр бул ишти жөн калтырбай турганын, бүгүн кечинде акимди жумуштан алаарын жооп кылды.

Эскерте кетсек, бүгүн Тогуз-Тородо миңге жакын жергиликтүү тургун алтын казуучу комбинатка өрт койгон.