17.04.2018 12:39

Тогуз-Тородогу башаламандык үчүн 15 тургун камакка алынды

Тогуз-Тородогу башаламандык үчүн 15 тургун камакка алынды

ИИМдин тергөө кызматы тарабынан Тогуз-Торо районунун 15 тургуну 234-берене (бейбаштык)  жана 174-берене (башка бирөөнүн мүлкүн өрт коюу жолу менен атайылап бүлдүрүү, же жок кылуу) боюнча шектелип  кармалды. Бул туурасында укук коргоо органдарынан билдиришти.

Эскерте кетсек, 11-апрель күнү Тогуз-Торо  районунда жергиликтүү жашоочулар алтын казуучу компаниянын имараттарын жана техникасын өрттөп жиберишкен. Алар аталган аймакка «Джи Эл Макмал Девелопинг» компаниясынын алтын казуучу фабрикасынын ишмердиги тууралуу түшүндүрүү  иштерин жүргүзүүгө келген комиссия мүчөлөрүнүн сөзүн укпай, аларга жана коомдук тартипти камсыздап турган тартип сакчыларына карай таш ыргытып башташкан.  

Чогулгандардын саны миңге жакын болгону жана негизинен жаш жигиттер экени айтылат,. Алар  «Джи Эл Макмал Девелопинг» компаниясынын аймагына кирип келип, тосмолорду кыйратып, курулуп жаткан чарбалык жайды, курулушу бүтө элек үйлөрдү жана турган техниканы  өрттөп жиберишкен. 

Аталган факт бонча ИИМ кылмыш ишин козгогон.

Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда бардык керектүү ыкчам иликтөө иш-чаралары уланып, тергөө жүрүп жатат.