12.04.2018 12:43

Тогуз-Тородогу бейбаштык боюнча 3 берене менен кылмыш иши ачылды

Тогуз-Тородогу  бейбаштык боюнча 3 берене менен кылмыш иши ачылды

11-апрелде Тогуз-Торо районунда алтын кен казуучу ишкана аймагында чыккан өрткө байланыштуу Ички иштер министрлиги кылмыш ишин козгоду.  Иш 234-берене (бейбаштык), 174-берене (башка бирөөнүн мүлкүн өрт коюу жолу менен атайылап бүлдүрүү, же жок кылуу), 233-берене (массалык башаламандык) боюнча ачылды.

Учурда укук коргоо органдары коомдук тартипти көзөмөлдөп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирге жашоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп  жатышат. Аталган факт боюнча тыкыр иликтөөлөр жүрүүдө.

Эскерте кетсек, Тогуз-Тородо  кечээ  жергиликтүү тургундар алтын казуучу комбинаттын имаратын, техникасын өрттөп жиберишкен.