03.09.2018 13:53

Токко урунган жоокер. Башкы штаб үй берүүдөн баш тартты

Токко урунган жоокер. Башкы штаб үй берүүдөн баш тартты

КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Майлуу-Сууда токко тартылып, эки колунан ажыраган №30295  аскер бөлүктүн жоокерин  үй менен камсыздоодон баш тартты. Бул туурасында 24.kg жоокердин туугандарына таянып, жазып чыкты.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы №30295 аскер бөлүктө 22 жаштагы  Руслан Сапарбаев аттуу жоокер кызматындагы бир күндүк нөөмөт учурунда көмөк чордонунун аймагына кирип, электр тогуна урунган. Колунун сөөктөрү катуу жабыркагандыктан, дарыгерлер экөөнү тең кесип салууга аргасыз болушкан. 

«Руслан Бишкекте апасы менен ижарага алынган батирде жашашчу. Эми ал каякка барат? Башкы штаб үй бербейт экен. Жигит болсо, майып болуп калды, иштей албайт. Кимден жардам сурайбыз? Анын эки колунан ажырашына жетекчилик күнөөлүү. Аскер бөлүгүндөгү ачык турган көмөк чордонду электр тогунан ажыратыш керек эле да», — дешет нааразы туугандары. 

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы бул кокустук экенин, күзөт учурунда Руслан Сапарбаев өзү тыюу салынган белгиге карабай, көмөк чордондун аймагына киргенин айтышат. Бирок, ишти териштирген Аскер прокуратурасы көмөк чордондун оозу ачык калганын жана жогорку чыңалуудагы электр тогу бар экени тууралуу эч кандай белги болбогонун тактап чыккан.

Эскерте кетсек, аскер бөлүктүн жетекчилигине карата «Шалаакылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.