28.08.2018 11:48

Токко урунган жоокердин экинчи колу да кесилди. Башкы Штаб протез салып берүүнү убадалайт

Токко урунган жоокердин экинчи колу да кесилди. Башкы Штаб протез салып берүүнү убадалайт

Майлуу-Сууда электр тогуна урунуудан бир колу кесилген жоокердин экинчи колу дагы ампутацияланды. Бул чечим аскер кызматчысын дарылап жана көзөмөлдөп жаткан дарыгерлердин жалпы консилиумунан кийин чыгарылды, деп билдирет Башкы штаб.

Операция бүгүн, 2018-жылдын 28-августунда болду. Эскерте кетүүчү нерсе, 19-августта мөөнөттүү аскер кызматындагы С.Р., нөөмөт учурунда электр тогунун көмөк чордонуна кирген жана эки колунун манжаларын катуу күйгүзүп алган. Кырсыкка учураган аскер кызматчысы дароо Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна которулуп, ал жактан оң колу чыканакка чейин ампутацияланган.

Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы генерал-майор Р.Дуйшенбиев бул окуянын иликтенишин жеке контролуна алган. Ошентип, дыкаат текшерүүдөн кийин №30295 аскер бөлүгүнүн командири ээлеген кызматынан бошотулду. Андан тышкары бул окуянын келип чыгышына себепкер деп эсептелген күнөөлүүлөр катуу тартип жоопкерчилигин алышты.

Жабыркаган аскер кызматчысы учурда дарыгерлердин катуу көзөмөлүнүн алдында. КР ККнын Генералдык штабы тарабынан жабырлануучуга протез жасатуу маселеси каралып жатат. Анын ичинде аскер кызматчысынын колу толук айыккан соң Бишкек шаарындагы менчик клиникалардын биринде Кореядан чыгарылган биоманжаларды салуу боюнча макулдашуулар жүрдү. Андан тышкары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өздүк курамы тарабынан дагы финансылык жардамдарды көрсөтүү боюнча демилгелер көтөрүлүүдө. Финансы каражаттары жабыркоочунун эсебине бир күндүк эмгек акысын которуу жолу менен ишке ашырылмакчы.

Кызматтык иликтөөлөрдүн материалдары Жалал-Абад гарнизонунун Аскердик прокуратурасына өткөрүлүп берилген.