06.06.2018 14:00

Токмок ооруканасында жаңыртылган кардиологиялык бөлүм ачылат 

Токмок ооруканасында жаңыртылган кардиологиялык бөлүм ачылат 

Токмок шаардык аймактык ооруканасынын кардиология бөлүмүндө Түрк грантынын эсебинен (ТИКА)  капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Бөлүмдү оңдоо жана эмеректерди: функционалдуу керебет, тумбочка, ашкана эмеректерин алууга  жалпысынан 82 миң доллар жумшалды. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. 

Ремонт иштеринин жүрүшүндө канализация түтүктөрү, суу жана электр энергиясы менен камсыздоо системасы толугу менен алмаштырылып, бардык палаталарда жана коридордо кафель төшөлүп, суу киргизилди, жуунуучу бөлмө жана даараткана салынган.

Кардиология бөлүмү 25 орунга эсептелген, ал шаар тургундарын жана кошуна айыл жашоочуларын тейлейт. Бул ооруканада жыл сайын миңге жакын адам дарыланып, же медицина кызматкерлеринен кеп-кеңеш алып турушат. 

ТИКАнын жардамы менен борбордук стерилдөө имаратында дагы капиталдык ремонт жүрдү. 

Токмок аймактык ооруканасынын жетекчиси Бактыгүл Исаеванын айтымына караганда, оорукананын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу максатында 4 жыл аралыгында 5 грант утуп алышкан.