24.09.2018 12:47

Токмок шаарында 2 күн жаратылыш газы жок болот

Токмок шаарында 2 күн жаратылыш газы жок болот

Чүй облусунун Токмок шаарында 2 күн жаратылыш газы жок болот. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, 25-26-сентябрда Токмок шаарынын Сахзавод районунун Дзержинский көчөсүндөгү №6, 8, 10, 12, 14, 16, 20, 26, 28, 44, 46, 50, 52, 56, 60, 62, 64, 66 үйлөрдө, Крупская 1- өтмөк №3,5,13,21,23,25; Крупская 1 туюк көчөсүндөгү №5, 7, 15 үйлөрдө жана Спорт көчөсүндөгү №3, 16 үйдө, Тынчтык көчөсүндөгү №16 үйдө жана; Жантаев көчөсүндөгү №90, 92 турак-жайларда жаратылыш газы болбойт.

"Газпром Кыргызстан" компаниясынын билдиришинче, бул оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканына байланыштуу.