21.05.2018 10:01

Токмок шаарындагы жүргүнчүлөрдүн көйгөйү

Токмок шаарындагы  жүргүнчүлөрдүн көйгөйү

Бишкек шаарында маршруттук таксилердин айдочуларынын 2 күн иш ташташканы коомчулукту кандай дүрбөлөңгө салганы дале эсте. Көйгөй  калаа мэриясын, коомдук унаа үчүн жоопкерчиликтүү органдарды, ал түгүл Жогорку Кеңеш депутаттарын бушайманга салган. Токмок шаарынын тургундары мындай абалды көп жылдардан бери баштарынан өткөрүп келишет, бийликтен жардам жок.  April.kg кабарчысы маршруттук такси көйгөйү курч турган Токмок автобекетиндеги бир таңды тасмага тартып алган. 

Тасмадан топтошкон жүргүнчүлөр алгач бир маршруткага, анан башкасына чуркап баратканын көрүүгө болот. Мындай учурда "Карыларга,  балалуу аялдарга жол бошотуу, орун берүү" деген түшүнүк эч кимдин оюна да келбейт. Жумушуна кечикпөө үчүн бири-бирин тебелеп кетүүдөн кайра тартпаган көрүнүш.  

Көйгөйдү такси кызматынын жардамы менен чечсе болмок. Бирок, маршруткалардын аз экенин көрүп турган такси айдоочулары бааны көкөлөтүп жиберишет. Алардын лицензиялары да жок, мамлекетке салык да төлөшпөйт. 

Көкөйгө тийген абалды токмоктуктар чыдамдуулук менен жеңип келишет. Токмок мэриясынан, транспорт саясаты органынан жардам деле күтпөй калышкан. Бирок, күндөрдүн биринде ал чыдамкайлыктын да чеги бүтөөрү турган кеп.