Токмоктун жанындагы кырсыктан 5 адам каза тапты
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 50-чакырымында (Красная-Речка айылы) болгон кырсыктан 5 адам каза тапты. Бул туурасында Чүй облусунун ЖКККБсынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык кечээ, 16-декабрда саат 16:25 чамасында болгон. Алдын ала алынган маалыматка караганда, Бишкек-Токмок багыты менен бараткан Toyota Ipsum унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, Volkswagen Passat унаасы менен кагышкан.
Кесепетинен Toyota Ipsum унаасында бараткан 7 адамдын төртөө каза тапкан. Калган үчөө ооруканага жеткирилген.
Ал эми, Volkswagen Passat унаасынын айдоочусу кагышкандан кийин өрт чыккан машинасында күйүп кеткен.
ӨКМдин маалыматына караганда, кырсык болгон жерге 4 куткаруучу, Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, ИИМ кызматкерлери жана медициналык тез жардам кызматынан 1 бригада тартылган.
Тартылган өрт-куткаруу бөлүмү тарабынан унаадан чыккан өрт өчүрүлгөн жана куткаруучулар унаада кыпчылып каза болгон адамдардын жансыз денелерин чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Жабыркаган 3 адам тез жардам кызматынын унаасында райондук ооруканага жеткирилген. Ал эми каза болгондордун жансыз денелери ушул эле оорукананын өлүк сактоочу жайына жеткирилген.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: