21.05.2018 12:56

Токойчулар Кызыл-Үңкүр токой чарба башчысын кызматтан кетирүү талабы менен чыгышууда

Токойчулар Кызыл-Үңкүр токой чарба башчысын кызматтан кетирүү талабы менен чыгышууда

Токойчулар Кызыл-Үңкүр токой чарбасынын башчысы Каныбек Чойтоевди өз милдетин талаптарга ылайык аткарбаганына байланыштуу кызматтан кетирүүнү талап калып жатышат. Бул тууралуу  токойчулар Айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов менен жолугушуу учурунда билдиришкен. 

"Токойчулар козголоң чыгарышкан жок, жөн гана Кызыл-Үңкүр токой чарбасынын башчысын кызматтан алууну талап кылып жатышат. Бул маселе Айлана чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттиги тарабынан ушул жумада каралып чыгып, чечим кабыл алынат", -деп билдиришти агенттиктен. 

Аткаминерлер токойчулардын нааразычылыгы штатты  жана токой чарбаларын кыскартуу менен байланыштуу эмес деп ишендиришти.  

Буга чейин, Кыргызстанда токойчулар жумушчулардын санын кыскартуу жана жумуштан бошотуу чараларына нааразы болуп, көтөрүлүп жатканы тууралуу маалымат  тараган.