18.04.2018 12:21
Токтогул районунун Чоң-Арык айылынын дайынсыз жоголгон тургуну изделүүдө
Токтогулда дайынсыз кеткен 21 жаштагы Чоң-Арык айылынын тургуну изделүүдө. Бул туурасында ӨКМден билдиришти.
Кетмен-Төбө айыл аймагындагы Чоң-Арык айылынын тургуну 1997-жылы туулган Табылды уулу А. үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгон. Окуя 11-апрелде болгон. Бир жумадан бери үйүнө келбеген жигиттин жакындары 18-апрелде арыз менен укук коргоо органдарына кайрылышты.
Учурда издөө иштерине ӨКМден 11 куткаруучу, РИИБден 25 кызматкер, суу чарба башкармалыгынан 10 кызматкер, РЭТ мекемесинен 6 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 70 адам, жалпы 122 адам тартылды.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: