18.06.2018 10:26

Токтогул районунда жол кыймылын бузгандардан алынган айып пулду кымырып жүргөндөр аныкталды

Токтогул районунда  жол кыймылын бузгандардан алынган айып пулду кымырып жүргөндөр аныкталды

"Кыргыз почтасы" ишканасынын Токтогул райондук филиалынын кызматкерлери жана Токтогул райондук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн (ЖКККБ)  кызматтык адамдары мамлекетке 1 миллион 548 миң сом зыян келтиргени аныкталды. Бул туурасында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын маалымат кызматынан билдиришти. 

Ага ылайык, Токтогул райондук "Кыргыз почтасы" филиалынын айрым кызматкерлери менен аталган райондун ЖКККБ  2017-жылы жана 2018-жылдын 1-кварталында жол кыймылын бузгандарга карата  түзүлгөн 4 миңден ашык протоколду фиктивдүү текшерүү актысын түзүү менен жашырып коюшкан. Ал эми айып пулдарды өз чөнтөктөрүнө салып турушкан.   

Мындай мыйзамга каршы иш-аракеттерден улам мамлекетке 1 млн 548 миң 400 сом зыян келтирилген. 

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгы чогулткан материалдардын негизинде Токтогул райондук прокуратурасы тарабынан 304-берене ( кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) 171-берене (ишенип берилген мүлктү жок кылуу) 315-берене (кызматтык жасалмалоо) 316 -берене (шалаакылык) менен кылмыш иши козголду.