14.06.2018 13:09

Торонто-Стамбул-Бишкек каттамы менен келаткан кыргыз кызы Стамбулдан дайынсыз жоголду

Торонто-Стамбул-Бишкек каттамы менен келаткан кыргыз кызы Стамбулдан дайынсыз жоголду

Стамбул аэропортунда 11-июнда Нургиза Кулманбетова дайынсыз жоголду. Нургиза Канаданын Торонто шаарынан Бишкекке транзит менен келе жаткан. Бул туурасында Facebook социалдык тармагына анын курбусу Алтынай Усубалиева билдирди.

Анын айтымында, Нургиза Кулманбетова Торонтодо иши боюнча командировкада жүргөн. Ал Бишкектеги «Кумтор голд компани» ишканасында иштечү. 11-июндан кийин ал туугандары менен бир да жолу байланышка чыккан эмес. 

Кыздын жакындарынын айтымында, 13-июнда анын банктагы эсебинен 60 доллар алынган. Учурда жоголгон кыздын байкеси аны издөө үчүн Стамбулга учуп кетти. 

Нургизанын курбусу Алтынай Усубалиева бул окуяга коомчулуктун көңүлүн бөлүүнү суранат.

ТИМдин кызматкери Айымкан Кулукеева  April.kg порталына кыздын жоголгону тууралуу ата-энесинин арызы министрликке кечээ, 13-июнда гана  түшкөнүн билдирди. «Биз Стамбулдагы Башкы консулдукка тапшырма бердик. Алар түрк тарапка расмий суроо жөнөтүштү, аны менен бирге кызды издөө иштерин башташты. Учурда Түркиянын укук коргоо органдарынан жооп күтүп жатабыз», -  деп билдирет ТИМ өкүлү.